Четверг, 19 сентября

Япониянын жараны дүйнөдөгү эң узак жашаган адам деп таанылды

0

Канэ Танака айым 1903-жылы 2-январда төрөлгөн. 116 жаштагы япониялык Канэ Танака планетадагы эң узак жашаган адам катары “Гиннестин рекорддор китебине” кирди. Бул япониялык айым бүгүнкү күндө Япониянын түштүк-батышындагы Фукуока префектурасындагы карылар үйүндө жашайт. Планетанын эң узак жашаган адамы адатта эрте менен саат алтыда туруп, математика жана стол үстүндөгү “Отелло” деген оюн менен алектенгенди жакшы көрөт. Танака үй-бүлөдөгү жетинчи кыз, 1903-жылы 2-январда төрөлгөн. 1922-жылы, 19 жашында турмушка чыгып, төрт бала төрөгөн. Мындан тышкары ал эки баланы багып алган. Мындан мурда планетанын эң узак жашаган адамы Тийо Мияко болгон жана ал 117 жаш курагында көз жумган. Узак жашоо боюнча дүйнөлүк рекорд франциялык Жанна Луиза Кальманга (122 жаш) таандык.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз