Четверг, 19 сентября

Исламды шылдыңдаган малайзиялык жаран соттолду

0

Исламды шылдыңдаган малайзиялык жаран соттолду
Мухаммед Абдулла 4-мартта сот учурунда күнөөсүн моюнга алып, эркинен ажыратылды. Малайзияда эркек адам ислам динин жана Мухаммед пайгамбарды социалдык тармактарда шылдыңдагандыгы үчүн жети айга эркинен ажыратылды. Малайзиянын жараны Мухаммед Йезид Конг Абдулла 4-мартта камалып, сотто күнөөсүн моюнга алды. Ал социалдык тармактарда Мухаммед пайгамбарды жана ислам динин шылдыңдаган пикирин жарыялагандыгы үчүн жети айга эркинен ажыратылып, мындан тышкары 10 миң малайзия ринггитин (2445 АКШ доллары) төлөөгө өкүм чыкты. Эгер малайзиялык бул айыпты төлөбөсө, анда сот анын абакта отуруу мөөнөтүн эки жылга узартып коёт. 8-мартта Малайзиянын соту дагы бир өлкөнүн жаранын исламды социалдык тармактарда шылдыңдагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыраткан. Февралда Куала-Лумпурда Мухаммед пайгамбарды социалдык тармактарда шылдыңдагандыгы үчүн камакка алынган кытайлык жаранды коргогон каршылык акциясы болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз