Суббота, 18 мая

Түркияда жарым миллиондон ашык Гүленчилер камалды

0

Түркиянын ички иштер министри өлкөдөгү төңкөрүштөн бери окуяга байланышы бар 511 миң адам камакка алынганын билдирди.
Жекшемби күнү Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 2016-жылдын июль айында ишке ашпай калган төңкөрүштөн бери 511 миң адам камакка алынганын жана алардын 31 миңден ашууну азыркы учурда абакта отурушкандыгын маалымдады.
Түркиянын Hürriyet гезитинин маалыматына караганда, абакта отурган 30 миң 812 кишинин көпчүлүгү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, айрыкча коопсуздук, чалгындоо жана сот адилеттиги тармагында иштегендер. Ошондой эле, алардын арасында академиктер жана медиа кызматкерлери дагы бар.
Сулейман Сойлунун билдирүүсүн ылайык, ички иштер министрлигинен 30578 адам кызматынан бошотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз