Кытай Кыргызстанда жаңы элчисин дайындады
КРнын ТИМ маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Кытайдын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укутуу Элчиси болуп Ду Дэвэнь айым дайындалды. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен маектешүү учурунда Кытай элчиси ага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. ТИМ маалыматына ылайык, тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу маселелерди жана эки тараптуу иш сапарларды уюштурууну талкуулашты. Ду Дэвэнь айым Кыргызстанга элчи болуп дайындалганга чейин Кытайдын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп иштеген, ал эми мурдагы элчи Сяо Синьхуа Кыргызстандагы өз миссиясын февралда аяктаган.