Пятница, 20 сентября

Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын форуму Ошто өттү

0

Кыргызстан менен Өзбекстандын чегаралаш аймактарынын жаштары Ош шаарында форум өткөрүштү. Анда коңшулаштык салтын улантуу максатталган. Форумда эки өлкөнүн жаштарын түйшөлткөн бир катар маселелер айтылды.
Сүрөт көргөзмөлөрү, жаштар ортосундагы уюштурулган ийримдер жана бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган иш-чаралар. Булардын баары 2015-жылдан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын чегаралаш аймактарында жашаган жаштарынын ортосунда аткарылып келүүдө. Бирок эки мамлекеттин жаштарынын ынтымагы муну менен эле бекемделип калган жок. Түрдүү көйгөйлөр, ортодогу түшүнбөстүктөрдү жаратып, а түгүл жаңжал чыккан учурлар да болгон. Мына ушундай маселелерди чечүү үчүн коңшу өлкөнүн лидер жаштары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Такталбаган чегара аймактары башкы көйгөйлөрдүн бири. Мисалы, Наргиза Мадирова Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну. Ал жашаган жер Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Чегара тилкелери толук такталбагандыктан, жаштар ортосунда түрдүү келишпестиктер болуп келгенин айтат. Ошондуктан тилкелерди ирээтке келтирүү керек деген сунушу менен келген.
Жыйында чегарага жакын жайгашкан аймактарда жашашкан жаштардын көпчүлүгү жумушсуз экени айтылды. Алардын көпчүлүгү кайсы жактан, кандай негизде жумуш табуу боюнча маалыматтары жок. Ошондой эле эки өлкөгө турист катары барган жаштар эс алуу жайларын таппай кыйналышат. Ушул маселелерди чечүү зарыл экенин жаштар бир ооздон белгилешти. Булар тууралуу Кыргызстандын жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агентигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов билдирди.
Буга чейин ушуга эле окшош жыйын жыл башында Өзбекстанда өткөн. Негизинен эки мамлекеттин жаштар иштери боюнча агенттиктери достук, ынтымакты бекемдөө багытында иш алып барышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз