Пятница, 20 сентября

Финляндиядан Кыргызстанга алтын медаль

0

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Финляндияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу машыктыруучусу Шайлообек Атазов кабарлады. Мушкер турнирде 52 кг. салмак категорияда катышып, алгач индиялык боксчуну 4:1 эсебинде утуп финалга чыккан. Ал кечээ, финалда казакстандык Азат Махмедов менен беттешип, калыстардын чечими менен упайлар эсебинде жеңишке жетти. Ошентип, бир аз мурун Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган турнирде 1-орунду алган Азат экинчи жолу алтын медалга жетишти. Белгилей кетсек, Эл аралык турнир Финляндиянын Хельсинки шаарында 7-марттан 10-мартка чейин өткөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз