Воскресенье, 5 мая

Египет Ливияга басып кирүүгө камданууда

0

Египеттин парламенти президент Ас-Сисиге Ливияга чабуул жасоого уруксат берди. Жабык өткөн парламент жыйынында президентке «өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык чараларды көрүү» укугу берилди.

Мындан бир жума мурда Ливиядагы төңкөрүшчү генерал Халифа Хафтар, Ливиянын борбор шаары Триполидеги бийликке каршы Египеттин президенти Абдельфаттах Ас-Сисиден жардам сураган эле.

Египеттин президенти Ас-Сиси да бир ай мурда, керек болсо Ливияга аскерлерин киргизээрин айтып Триполини коркуткан болчу.

Ливияда Египет, Франция, Россия сыяктуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн согушкан көптөгөн топтордун бар экени белгилүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз