Суббота, 18 мая

2428 медике коронавирус жукту. Компенсация төлөнөбү?

0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, март айынан бери 2428 медик коронавирус жуктуруп алган. 624 саламаттыкты сактоо кызматкери бул ооруну жеңип, ооруканадан чыккан.

Өткөн суткада эле 47 медик бул илдетке кабылган:

  • Бишкек шаары– 9
  • Чүй облусу – 15
  • Ош шаары – 6
  • Ош облусу – 10
  • Баткен облусу – 4
  • Иссык-Көл облусу – 3

Коронавирус жуктуруп алган саламаттыкты сактоо кызматкерлерине айлык жана кошумча төлөмдөрүнө карабастан компенсация төлөнүп берилет. Мурдараак Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жуккан медиктерге 200 миң сом компенсация берилээрин айткан.

Бүгүнкү пресс-жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматов, компенсация маселесин атайын комиссия карап чыгаарын, алгач 40 медике акча бөлүнөөрүн айтты.

Бүгүн эртеменен Чүй облустук кургак учук ооруканасынын эки дарыгери коронавирустун айынан көз жумду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз