Понедельник, 20 мая

Армения менен Азербайжандын тиреши. Сербия Аменияга курал-жарак сатканын мойнуна алды

0

Кечээ Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги, Сербиянын Арменияга курал-жарак бергени тууралуу маалыматтарды жарыялап, ал курал жарактар армяндар тарабынан чек ара чырында колдонулганын айтып чыккан. Бул маалыматты Сербиянын бийлик өкүлдөрү жарым жартылай тастыктады. Сербиянын курал-жарак экспортун көзөмөлдөгөн Соода, туризм жана телекоммуникация министри Расим Ляич, сербиялык бир жеке фирманын май жана июнь айларында Арменияга бир миллион еврого жакын баадагы курал-жарак сатканын маалымдады.

Ляич, курал-жарак экспортуна өзү жетектеген министрликтен сырткары тышкы иштер министрлиги, ички иштер министрлиги, коргонуу министрлиги жана БИА атайын кызматынын да уруксат бергенин кошумчалады.

Ушул айдын башында Армения менен Азербайжандын чек арасында кагылышуу болуп, ондогон азербайжан аскери окко учкан. Эксперттер, эки өлкөнүн бул тиреши чоң согушка айланып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз