Пятница, 17 мая

Намаз кылгандыгы үчүн депортация кылынган мусулман

0

Тулада сот Тажикистан жаранын жатаканада намаз окугандыгы үчүн 30 миң рубль өлчөмүндө айыппул салып, депортация кылган.

Сот 27 жаштагы Тажикистан жаранын, жергиликтүү мусулман уюмунан  уруксат албастан диний ишмердүүлүк менен алектенген деп эсептейт.

Тажик жаранынын бөлмөсүн тинтүү убагында онго жакын диний мүнөздөгү китеп жана брошюралар табылган. Укук коргоо органдарынын айтымына караганда намаз кылуу үчүн 15ке жакын адам чогулуп турган. Бөлмөдөн намаз убактысы көрсөтүлгөн килем жана сааттар табылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикистан жараны жатаканада диний топ уюштургандыгын жазышууда, бирок ошол эле учурда экстремисттик мүнөздөгү жыйындардын өткөрүлгөндүгүнө далил да жок. Ошого карабастан Тула соту Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Тажикистан жаранын өлкө аймагынан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул окуяга жергиликтүү мусулулмандар кыжаалат болушууда. Алардын айтуусунда жума намазын кылуу ислам дининде парз (милдет) болуп эсептелет. Мындан ары алардын ар биринин башына мындай  көрүнүш келиши мүмкүн деп эсептешет.

Тулада мечиттер жок. Намазканалар бүтүндөй жума жана майрам намазын кылууну каалоочуларды батыра албайт. Шаарда жана областта мусулмандардын саны күн санап өсүүдө. Азыркы учурда мусулмандардын саны 25 миңди түзөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз