«»Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы болуп Мурат Примбердиев шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
«Директорлор кеңеши кечээ, 22-июлда Мурат Примбердиевди «Манас эл аралык» ААКсынын башкармалыгынын төрагалыгына шайлашты. Ал эми башкарманын мүчөлөрү болуп Бусурманкулов А.Б., Абдыкаров Д.С. жана Саткеев Б.Ж. шайланды», — деп айтылат билдирүүдө.