Пакистандын жаранына кол салган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык 31 жаштагы Э.О., 30 жаштагы Д.А. жана К.Б. бир айга камакка алынышты. Буга чейин Бишкекте 5-курсту аяктаган Пакистандын студенти белгисиз жарандар тарабынан сабалганы боюнча видео тараган. Жабырлануучу мындан мурун стационарлардын бирине бекер иштеп берүүгө даяр экенин айтып, аны шаардагы №95 мектепте ачылган стационарга жумушка алышкан.