Понедельник, 20 мая

Орусиянын ТИМи: Түркия дагы С-400 сатып алышы мүмкүн

0

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Юрий Плипсон, Түркиянын Орусиядан кошумча С-400 зениттик ракеталык комплесин сатып алышы мүмкүн экенин, бул үчүн кандайдыр бир тоскоолдук болбогондугун, жогорку технологиялык аскердик кызматташууда Орусия менен Түркия ортосунда жакшы мамиленин калыптанганын айтты.

Түркия былтыры Орусиядан С-400 ЗРКсын сатып алгандан кийин Түркия менен АКШнын мамилеси кескин бузулуп, АКШ Түркияга F35 аскердик чабуул учагын сатуудан баш тарткан. АКШ С-400 ЗРКсынын ордуна Patriot абадан коргонуу системасын сунуштаган. Бирок Түркия АКШнын опузалоосуна карабастан Орусиядан С-400 ЗРКсын сатып алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз