Азыркы эпидемиологиялык кырдаалдан улам жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан уюштуруу пландалууда. Абал жакшы жагына өзгөрөрү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай жагдайдан улам аралыктан окутууну уюштуруу боюнча эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатканы айтылды. Алар практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турат.
«Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдер кабыл алынат», — деп билдирди маалымат кызматы.
Кеңештин мүчөлөрү беш топко бөлүнүп, төмөнкү багыттар боюнча иш алып барууда:
- биринчи топ аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускаманы иштеп чыгуу боюнча;
- экинчи топ башталгыч класстарды окутуунун алгоритмин түзүү боюнча;
- үчүнчү топ мектеп мугалимдерине дистанттык окутуунун негиздери, аны туура уюштуруунун жолдору жөнүндө;
- төртүнчү топ дистанттык окутуу, электрондук каражаттарды, интернет ресурстарын туура колдонуу жаатында мектеп окуучулары үчүн нускама түзүү боюнча;
- бешинчи топ виртуалдык же болбосо онлайн-мектеп жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча иштеп жатат.