Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1 247 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Айыгып чыккандардын көбү Бишкек шаарында.
Бишкек – 497;
Чүй облусу – 164;
Ысык-Көл облусу – 153;
Ош шаары – 123.
Ош облусу – 116;
Жалал-Абад облусу – 93;
Нарын облусу – 45;
Талас облусу – 34;
Баткен облусу – 22.
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө боюнча COVID-19дан айыгып чыккан адамдардын саны 18 038ге жетти.