Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн кызматтык автоунаасына жасалма мамлекеттик номер тагылышы боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 23-июлда, айрым ЖМКларда облус башчысы Акылбек Осмоналиевдин кызматтык машинасына жасалма номер тагылганы тууралуу маалымат жарыяланган.
Аталган факт Ысык-Көл ОИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 173-беренесинин 1-бөлүгү («Транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик номер (белгиси) менен башкаруу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.