Четверг, 25 апреля

Бишкектеги жаңы оорукана кайсы жерге курулат?

0

COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы оорукана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курулат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштерин тез арада баштоо тапшырмасын берген болчу.

«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек. Бул иштерге өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл», — деген Кубатбек Боронов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз