Среда, 24 апреля

Казакстанда жашоочулар 5 жаштагы кызды уурдаган шектүүнү жазалоого аракет кылышкан (Видео)

0

Казакстандын Караганда облусунун жашоочулары бала уурдоого шектелген адамды өз алдынча жазалоого аракет жасашкан.

Басылманын маалыматы боюнча, дайынсыз жоголгон 5 жаштагы кызды жакындары жана жергиликтүү тургундар издеп, батирлердин биринен табышкан. Ошондой эле ал батирде эркек адам да болгон. Азырынча ал кызды эмне үчүн батирде кармаганы белгисиз.

Беш жаштагы кыз табылгандан кийин ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүү жашаган үйдүн подъездине жергиликтүү жашоочулар чогулуп, бир нече жолу батирге кирип, аны жазалоого аракет кылышкан. Алар бир нече унааны да өрттөгөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз