Пятница, 20 сентября

Орусиянын учагы бомба бар деген шек менен Бакуга конду

0

Орусиянын учагы бомба бар деген шек менен Бакуга конду
Орусиянын Урал аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы бомба бар деген шектенүү менен чукул түрдө Азербайжандын борбор шаары Бакуга конду. Азербайжан аба жолдорунан берилген маалыматка караганда, Бахрейнден Москвага учкан, Урал аба жолдоруна таандык Airbus A321 жүргүнчү учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 11-апрелде саат 14:56да Бакудагы Гейдер Алиев аэропортуна чукул түрдө конду. Маалыматта : «Учак капитандын бомба бар деген шектенүүсү менен чукул түрдө конду. Аэропорттун бардык чукул абал жана куткаруу кызматтары аракетке өттү жана даяр абалга келди. Учакта экипаж менен бирге 225 киши болгон. Капитан жүргүнчүлөрдүн учактан түшүрүлүшүнө чечим чыгарды»,- деп билдирилди. Окуя тууралуу кошумча дагы маалымат берилмекчи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз