Пятница, 20 сентября

Астанада түрк тилдүү өлкөлөрдүн бажы кызматташтыгы талкууланды

0

Анкара Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттерди колдоо үчүн баардык жардамын жасайт. Түрк тилдүү мамлекеттердин бажы кызматтары коопсуздук тармагында тыгыз кызматташмакчы. Бул багытта өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңеши (Түрк кеңеши) тарабынан Астанада өткөрүлгөн жетинчи жыйында кол коюлду. Документке Түркиянын соода министринин орун басары Гонжа Ишик Йылмаз Батур, Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Марат Султангазиев, Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары Исмаил Гусейнов жана Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Султан Мамасадыковдор кол коюшту. Меморандумда ошондой эле аткезчилик жүктөргө каршы күрөшүүдө маалыматтарды алмашуу, түрк тилдүү мамлекеттердин бажы кызматтарына атайын даярдыктагы иттерди даярдоо да каралган. Анкара Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттерди колдоо үчүн баардык жардамын жасай тургандыгын билдирди «Анадолу» агенттигине берген маегинде Түркиянын соода министринин орун басары Гонжа Ишик Йылмаз Батур. «Түркия бажы кызматтарын модернизациялоо чөйрөсүндө ийгиликтүү кадамдарды жасады жана боордош өлкөлөргө өз тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр», — деди Батур айым. Анын айтуусунда, Анкара үчүн соода байланыштарын кеңейтүү, анын ичинде Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттер менен кызматташуу артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Меморандум эл аралык сооданы өнүктүрүү үчүн заманбап механизмдерди түзүүгө жол көргөзөрүн кошумчалады Батур.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз