Пятница, 20 сентября

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти

0

Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти. Маалыматты мэриядан тастыкташты.

Т.Кузнецова 2019-жылдын февраль айында вице-мэр болуп дайындалган. Ал социалдык маселелер боюнча блокту көзөмөлдөдү.

1990-жылдары мектептерде окуучуларга тарых сабагын окутуп, 2000-жылдары Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында эмгектенген.

Вице-мэр болуп дайындалганга чейин ал Октябрь районунун акиминин орун басары кызматын ээлеп келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз