Пятница, 20 сентября

Виктория Мозгачева Бишкектин вице-мэри болду

0

Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Виктория Мозгачева дайындалды. Татьяна Кузнецова вице-мэрлик кызматын тапшырганын мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирген.

Мозгачева социалдык тармакты көзөмөлдөйт. Ал буга чейин «Бишкек жылуулук» коммуналдык ишканасынын директору болчу. И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетте инженер-экономист адистиги боюнча жогорку билим алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз