Четверг, 19 сентября

Караколдо коомдук унаа иштеп баштады

0

Бүгүн, 29-июлдан баштап Каракол шаарында коомдук унаалар иштеп баштайт. Мындай чечим шаардык ыкчам штаб тарабынан кабыл алынган.

Кечээ, 28-июлда шаардык ыкчам штабдын жыйыны өтүп, калаанын ичиндеги коомдук унаалардын ишмердүүлүгүн жандантуу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Жыйынга катышкан штабдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү сунушту колдоп, бирок коомдук унааларда жүргүнчүлөр бет тагынып жүрүш керек экендиги айтылды.

«Адамдар көп чогулган жерлерде, мисалы коомдук унаада же дүкөндө бет кап тагынуу адамды вирустардан сактайт. Каракол шаардык мэриясы жашоочуларды бет кап тагынууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Каракол шаарындагы коомдук унаалар 9-июль күнү токтотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз