Четверг, 19 сентября

Бир күндө 668 адамдан COVID аныкталды

0

Бүгүн өлкө аймагы боюнча 668 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын ичинен Бишкекте — 118, Ошто — 80, Чүй облусунда — 82, Ош облусунда — 50, Талас облусунда — 24, Нарын облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 157, Жалал-Абад облусунда — 115, Баткен облусунда 27 киши вирус илештирип алган”, — деди Акматова.

Жуктургандардын арасынан 20 киши медицина кызматкерлери.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз