Суббота, 18 мая

Ливия кризисинде Израилдин ролу

0

Мындай караганда Ливия кризисинде Израилдин таасири жоктой сезилет. Бирок Тель-Авив Африканын түндүгүндө ар кандай лагерлерди уюштуруу менен Халиф Хафтарды тымызын колдоп келет.

Ливиядагы абал боюнча Израиль-Египет биргелешип иш алып барууда.

Египет израилдиктер менен Хафтардын ортосунда ортомчунун милдетин аткарат. Буга чейин Абдельфаттах ас-Сисинин жетекчилигинин демилгеси менен Каирде Халиф Хафтар жана Израиль өкүлдөрүнүн жолугушуусу уюштурулган.

Израиль кабарчысы Джозеф Миллман Middle East Eye басылмасындагы макаласында Хафтардын кол алдындагы аскер командачыларынын Египетте МОССАД тарабынан машыктырылып жатканын жазган.

Миллман: “МОССАД  Хафтардын жактоочуларын аскердик ыкмаларга, кырдаалды анализдөөгө жана согуштук аракеттерди башкарууга үйрөтөт” – деп жазган. Мындан сырткары кабарчы Хафтардын 2017-2019 жылдары МОССАД өкүлдөрү менен Ливиянын чыгышына түнү көрүүчү аппарат жана снайпер мылтыктарын жеткирүү тууралуу сүйлөшүү үчүн Каирге болгон эки саякаты тууралуу жазган.

МОССАД өкүлдөрүнүн Халиф Хафтар менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу Француз басмасы Le Monde Afrique да 2-июлдагы чыгарылышында жарыялаган. Басмада жарыялангандай, Хафтардын жактоочуларынын 2014-жылдардагы Ливиянын чыгышын басып алуусуна Тель-Авив тарабынан “коопсуз дубалын куруу” максатында колдоо көрсөтүлгөн. Анткени Израиль Газа секторуна Ливиядан курал-жарактын өтүүсүнөн тынчсызданган.

Таң калыштуусу, Халиф Хафтардын Ливиянын чыгышына кирүүсү менен Израилдин атына айтылган бардык сын-пикирлер токтогон.

Ливияны бүтүндөй басып алуу менен Хафтар Израилге курал-жарак алуу багытында да жакшы кардар болмок.

Анын үстүнө Израиль Араб өлкөсүндө демократиялык күчтөрдүн пайда болуусуна каршы. Ошол үчүн Тель-Авив Египет, Биргелешкен Араб Эмираты жана Сауд Аравиясына тарапташ. Башкача айтканда Израиль “ Менин душманымдын душманы — менин досум” принцибин карманууда.

Азырынча Израилдин Хафтарга дагы канча колдоо көрсөтөөрү белгисиз. Бирок тарых көрсөтүп тургандай  Тель-Авив эч качан жеңилүүчү тарапка колдоо көрсөткөн эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз