Воскресенье, 19 мая

Быйыл Курман айт Орусияда кандай майрамдалат?

0

Курман айт майрамы бул жылы 31-июлга туш келет. Курман айт майрамы — бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын майрамы. Айт майрамы эрте менен окулуучу майрам намазын кылуу менен башталат. Бул күнү Майрам намазы бир эле мусулман өлкөлөрүндө эмес, мусулмандардын басымдуу бөлүгү жашаган өлкөлөрдө да окулат. Алардын ичинен Орусиянын борбору Москва шаарын эле алсак, намаз кылуу үчүн 300 миңден ашуун мусулмандар мечитке келишет. Мечиттердин ичи, айланасы адамдарга толуп-ташат.

Бирок бул жылы Курман айт майрамы башка шартттарда белгиленет. Пандемияга байланыштуу Орусиянын көпчүлүк аймактарында массалык чогулууларга дагы деле тыюу салынуу. Ушуга байланыштуу мечиттерде жамаат менен намаз кылууга уруксат берилбейт. Москвадагы мусулман дин Башкармалыгынын берген маалыматы боюнча бул жылкы айт намазга мечиттин кызматкерлери жана жумушчулары, жалпы жонунан 10-15 чакты киши катышат.

Мусулмандар үчүн үйдө намаз кылуу жана кошумча нафиль намазын окууга кенеш берилди. Москва, Уфа шаарларындагы айт намаз 31-июлда эрте менен федералдык телеканалдардан түз эфирден көрсөтүлөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз