Суббота, 18 мая

Жөөттөр «Аль-Акса» мечитине бастырып киришти

0

Фанат жөөттөр полициянын коштоосу менен ислам баалуулугу болгон “Аль-Акса” мечитине бастырып киришти.

Ислам вакыфтык фондунун башкармалыгы билдиргендей, 165 киши “Аль-Акса” мечитине Магриб дарбазасы аркылуу киришкен.

Иерусалимдеги “Аль-Акса” мечити мусулмандар үчүн биринчи кыбыла болуп саналат.

Жөөттөр, мечиттин алдында Соломон хандын храмынын урандылары бар деген негизде тез-тез “Аль-Акса” мечитине бастырып кирип турушат.

Бул көрүнүш Палестиналыктардын кыжырын келтирип, кагылышууларга себеп болууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз