Четверг, 25 апреля

Кыргызстанда бүгүн дагы 503 адамдан COVID-19 табылды

0

Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуккан жаңы 503 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 39 миң 162 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 125
Ош – 51
Чүй облусу – 28
Ош облусу — 74
Талас облусу – 35
Нарын облусу – 9
Ысык-Көл облусу – 81
Жалал-Абад облусу – 53
Баткен облусу — 47

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз