Вторник, 16 апреля

Кыргызстан 7-августтан тарта Түркия жана БАЭ менен аба каттамын жандандырууда

0

Кыргызстан 7-августтан тарта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрлик билдиргендей, Кыргызстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын авиациялык бийлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, 7-августтан төмөнкү багыттар боюнча аба каттамдар жанданууда:

-«АвиаТраффик Компани» аваикомпаниясы: «Бишкек-Стамбул-Бишкек» багыты боюнча жумасына эки жолу. «Бишкек-Анталья-Бишкек» багыты боюнча жумасына бир жолу;

— «Түрк аба жолдору» аваикомпаниясы: «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча жумасына эки жолу;

— «Пегасус Эйрлайнс» аваикомпаниясы: «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча жумасына эки жолу;

— «Флай Дубай» аваикомпаниясы: «Дубай-Бишкек-Дубай» багыты боюнча жумасына бир жолу.

Билеттерди сатып алуу жана аба каттамдардын жадыбалы боюнча кененирээк маалыматты аваикомпаниялардын сайтынан алууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз