Өлкө боюнча бир суткада 10 медицина кызматкери коронавирус ооруусун жуктуруп алган. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирүү жасады.
Акматованын айтымында, ооруну бир нече облустагы медиктер жуктурган.
- Бишкек шаары — 1;
- Ош шаары — 2;
- Баткен облусу — 3;
- Жалал-Абад облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 1;
- Чүй облусу — 1;
- Нарын облусу — 1.
Ал эми бир суткада 12 медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыкты. Мындан сырткары, үй карантининен 60 медик айыккан.