Казахстанда элдик каттоону 2021-жылга калтырышты

0

Казакстанда элдик каттоону 2021-жылдын октябрь айына жылдырышты. Бул жөнүндө КРнын Улуттук  статистикалык коммитети билдирди.

Казахстан Республикасынын жарлыгына ылайык элдик каттоо 2020-жылдын 1-октябрынан тартып 30-октябрына чейин жүргүзүлмөк. Коммитеттин маалыматында, өлкөдөгү коронавирус кырдаалына жана ага каршы кабыл алынган сактык иш-чараларынан(карантин) улам элдик каттоону  2021-жылдын октябрь айына жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу айтылган.

Маалыматта белгилегендей Улуттук элдик каттоону жүргүзүү ыкмасы өзгөрүүсүз калтырылат, башкача айтканда 1-октябрдан 15-октябрга чейин sanaq.gov.kz. сайтында интернет-сурамжылоо жүргүзүлөт.

Буга кошумча 1-октябрдан 30-октябрга чейин каттоочулар маалымат жыйноо үчүн элди жалпы сурамжылоо ишин жүргүзүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз