Четверг, 2 мая

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 20 млнго чукулдады

0

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 20 млнго жакындады.

Коронавирустан өлгөндөрдүн саны 724149 адамга жетти. Айыккандардын саны болсо 12549198. Ошол эле учурда дарыланып жаткандардын саны 6274799.

COVID-19 жуктуруп алгандардын жана каза болгондордун саны АКШда көбүрөөк катталган. Коронавирус штаттарда 5095524 адамда катталган. Бул илдеттен 164094 америкалык каза болду.

Бул ооруудан каза болгондордун саны 5 миңди ашкан өлкөлөр:

Бразилия (99 702), Мексика (51 311), Улуу британия (46 511), Индия (42 602), Италия (35 190), Франция (30 324), Испания (28 503), Перу (20 649), Иран (18 132), Орусия (14 725), Колумбия (12 250), Чили (9 958), Бельгия (9 866), Германия (9 254), Канада (8 970), Нидерланды (6 154), Пакистан (6 068), Эквадор (5 897), Түркия (5 813), Швеция (5 763), Индонезия (5 593) жана Ирак (5 236).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз