Чек арада жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, облустук ооруканага барып, чек арада жараат алгандардан кабар алды.
Жаркынбек Максутов чек арачылардын жана чек ара аймагында жашаган ар бир тургундун, мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы чоң экендигин белгилеп, алардын тезирээк айыгып кетүүсүнө тилектеш экенин билдирди.
Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто, ал эми Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор.
Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Учурда чек арада абал туруктуу.