Пятница, 22 ноября

Бейрут портундагы жарылууда 60 адам дайынсыз жоголду

0

Ливан саламаттыкты сактоо министрлиги Бейрут портундагы жарылуудан 60тан ашуун киши дайынсыз жоголгондугун кабарлады.

Казаада өлгөндөрдүн саны 154кө жетти, анын ичинде аты-жөнү такталбаган 25 киши. Андан сырткары 60 адам дайынсыз жоголгон.

Эскерте кетсек, 4-августта Бейрут портунда катуу жарылуу болгон. Жарылуу толкунунун кесепетинен бир кыйла үйлөр кыйраган жана залака келтирилген. 300 миңден ашуун адамдар турак-жайсыз калган. Кырсыктан 154 адам каза болуп, 5 миңдей адам жапа көрдү. Ливан ички иштер министрлигинин айтуусунда трагедиянын себеби болуп, ширетүү жумушу учурунда 6 жыл мурда бажы кызматы тарабынан конфискация кылынган 2,7 миң тоннадан ашуун аммиак селитрасынын күйүп кетүүсү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз