Суббота, 18 мая

Өзбекстан 100 миллион долларга жаңы учак сатып алды

0

11-мартта Өзбекстан улуттук авиакомпаниясынын паркы Wi-Fi менен жабдылган Airbus компаниясынын A320neo үлгүсүндөгү учагы менен толукталды. Гамбургдан келген жаңы учак 150 жүргүнчүгө ылайыкташкан. A320neo башка учактардан айырмаланып, күйүүчү майды 20% үнөмдөйт жана 5000 чакырым алыстыкка учууга жөндөмдүү. Uzbekistan Airways кабарлагандай, Airbus компаниясынан эки учак сатып алуу боюнча келишимге 2017-жылы кол коюлган. Экинчи учак апрель айында келет. 2020-жылы октябрь-ноябрь айларында A320 үлгүсүндөгү үчүнчү учак жеткирилет. Мындан тышкары Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү эки авиалайнерди сатып алуу пландалууда. 2018-жылы 24-декабрда Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясына таандык, баасы 200 миллион доллар турган Boeing 787-8 Dreamliner учагы жарактан чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз