Түркиянын ТИМ жетекчиси сионисттик аскерлердин “аль-Акса” мечитине жасаган чабуулдарын айыптады. Мевлют Чавушоглу Анталияда сүйлөгөн сөздөрүндө сионисттик режимдин “аль-Акса” мечитине чабуулдарын айыптап мындай деди: “Израилдин агрессиялары менен оройлуктарына каршылык көрсөтүш керек.” Түркиянын ТИМ жетекчиси андан ары сөзүн мындай деп улантты: Ыйык жайларга акаарат келтиргендерге унчукпай кое албайм жана буга дүйнөнүн бардык өлкөлөрү жооп кайтаруусу зарыл. “Тилекке каршы бүгүнкү күнү Израилдин кол салуулары Американын колдоосу менен күчөп барат. Биз ар дайым ыйык нерселерди жана улуттук баалуулуктарыбызды коргоп келебиз,”- деди Мевлют Чавушоглу. Эске салсак, өткөн аптада бир сионисттик офицер Кудстагы “аль-Акса” мечитинин намаз окуучу жайына бут кийими менен кирген. Анын бул кылыгы көптөгөн мусулмандардын нааразычылыктарын жараткан, бирок ал жообунда бут кийими менен кирген жайда намаз окулбай турганын жана тыюу салына тургандай ыйык жай эмес экенин айткан.