Воскресенье, 19 мая

Кытайда жаңы вирус жайылууда

0

Кытайда жаңы вирустун жайылгандыгы тууралуу билдиришти. Бул вирус кене аркылуу жуккандыгы аныкталды. Вирустун кесепетинен 60 адам ооруп, 7си каза болду.

Кытай илимпоздору бул вирустун адам өмүрүнө коркунуч жаратаарын жарыялашты. Бул вирус SFTS деп аталып, жайылтуучусу катары кене саналат. Адамга жуккан учурда, андан ары бири-бири менен жакын аралыкта болгон адамдарга жугат.

Кытай басмасы Global Times билдиргендей бүгүнкү күндө SFTS вирусу жалпысынан өлкөнүн чыгыш аймагында кездешүүдө. Алгач Цзянсу провинциясынын Сары деңиз жээктеринде байкалган. Жаңы вирус дал ошол жерде 37 кишиден аныкталган. Дагы 23 оорулуу кошуна турган Аньхой провинциясында катталган.

Бул вирустун толук аталышы — тромбоцитопения синдрому менен коштолгон оор безгектин тутуусу(Severe fever with thrombocytopenia syndrome). Тромбоцитопения – бул кандагы тромбоциттердин жетишсиздиги. Өз учурунда бул кан айлануу системасын алсыратат.

Биринчи жолу бул вирус 2009-жылы табылган. Бул вирус менен ооруган аял калтырап, катуу жөтөлгө кабылган. Анализдердин жыйынтыгында кандагы лейкоциттердин жана тромбоциттердин деңгээли түшүп кеткени байкалган. Дагы кошумча белгилери – кусуу, ич өтүү, органдардын иштебей калышы.

Кээ бир маалыматка караганда адамдан сырткары кенелер бул вирусту – кирпилерге, чычкандарга, мышыктарга жана башка сүт эмүүчүлөргө жуктурушу мүмкүн.

Кытай дарыгерлеринин айтымында азырынча инфекциянын жайылуусу кенелердин чагып алуусунан болуп жатат. Вирус адамдан – адамга кан жана шилекей аркылуу жугат. Дарыгерлердин айтуусу боюнча азырынча паникага түшүүгө негиз жок. Адамдар өздөрү бул вируска этияттык менен мамиле кылышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз