Күнүбүздө коронавирус илдети боюнча көптөгөн жарандарды тынчсыздандырган суроолор арбын. Бул илдет менен ооруп айыккандар кайрадан кайталап оорушу мүмкүнбү, экинчи толкун келеби, канчалык коркунучтуу болушу мүмкүн жана башка ушундай сыяктуу суроолорго медицина чөйрөсүнүн эксперти Айбар Султангазиев “Азия Ньюс” гезитине берген интервьюсунда жооп берди.
— Айбар мырза, өлкөбүздө коронавирустан миңден ашык өлүмдөр болуп кетти. Убагында чара көрүп, бир топ адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк бар беле?
— Күнөөнү үч жактуу кылып айта алам. Биринчиден, алдын ала маалымат берген эксперттер өкмөттү “14-15-апрелде коронавирус боюнча пик болот” деп тынчытып коюшкан. “Эң көп саны алты миңге, анан 14 миңге жетет” деп ишенимдүү билдиришкен. Бул – биринчиси. Экинчиден, күнөөлүү өкмөт тарап. Саламаттык сактоо, каржы министрликтери убагында Кыргызстан үчүн бөлүнгөн акчага дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды, керектүү дарыларды алып, дарыгерлер тобун окутуш керек болчу. Бөлүнгөн акчаны туура эмес жумшашты. Үчүнчүдөн, биздин дарылоого сунуштаган протоколубуз туура эмес жазылган. Башында “бул кадимки эле сасык тумоо, суук тийип калды, суу ичип, парацетамол ичип, үйдө жата бер” деген сөздөр болду. Биз башынан эле “коронавирус өлүмгө алып келет” деп чырылдап жаттык. Эмне себептен адамдардын көзү өтүп кетти? Биринчиден, алар башында дарыланбай жүрүп алышты. Катуу кыйналышканда гана дарыгерлерге кайрыла башташты. Ошон үчүн протокол жазгандар башынан элге бул коркунучтуу оору экенин, өлүмгө алып барарын ачык жазуулары шарт эле. Адамдын жашы алтымыштан өтсө, кан диабети, жүрөк оорусу же башка өнөкөт оорулары барларды таптакыр үйдөн чыкпоону, коргонууну сунуштоо керек эле. Ооругандар эң биринчи медициналык жардамды тез арада алууга шарт түзүлүшү зарыл болчу. Алардын баары жасалбай, көрчүбүздү көрдүк.
Өлүмдөр акыркы маалымат боюнча 1400дөн ашык экени айтылды. Бирок, андан көп. Үч миң, беш миң болобу, кимиси коронавирустан, кимиси инсульт, инфаркттан өлгөнү акыры ачыкка чыгат. Негизи көпчүлүгү эле ковидден кетти. Баары акыры тастыкталат.
—— Башка оорулар да көбөйдү окшойт…
— Азыр көрүп жатабыз. Ооруп чыккандар аягына чейин айыга албай жатышат. Мен окуп жатам, бирөөнүн көзү көрбөй калды, бирөөнүн буту тромбоз болуп, кескенге туура келип жатат. Жүрөгү ооругандар көбөйдү. “Өпкөсүнөн айыга албагандар өмүр бою ушундай абалда калышат. Кайра өзүнө келүү узагыраак болот” деп жатышат. Узагыраак эмес, бул – майыпка айлануу. Бизде 30 миңден ашыгыраак санды официалдуу түрдө айтып жатышат. Мен 300 миңдей адамдын ооруганын айта алам. Анын ичинен 30-40 миңдей адам дарты күч алып, өмүр бою оорукчан болуп калат. Жакын арада инсульт, инфаркттын саны дагы өсөт. Өпкөсүнүн жарымы эле иштеп калгандар өмүр бою ушундай абалда калат. Акыл-эстерин жоготуп, жакшы иштей албай, психикалык дарттарга чалдыккандар да арбыды.
— Сиз дартка кабылган жоксузбу?
— Мен өзүм дагы ооруп айыктым. Биринчи симптом болгондо эле вируска каршы дарыларды ичип, төрт күндө сакайып кеттим. Менин организмим көп жабыркаган жок. Баса, башында биздикилер “жата бергиле” деп тескери маалымат берип алдашты. Ошон үчүн жогоруда мен белгилеген үч тарап күнөөлүү. Италия, Испанияда дарт күчөп жатканда дарылар жок болчу. Бүгүнкү күндө дарылар пайда болуп калды. Бирок, Италиядагыдай эле абал өкүм сүрдү. Эл кырылды.
— Экинчи толкундун келери, коркунучтуулугу тууралуу сөз жүрүүдө…
— Толкундун саны жок. Азыр Бишкекте дарт азайганы менен региондордо өсүп баратат. Көлдү, Жалал-Абадды көрүп жатабыз. Билинбей эпидемия ошол тарапка кетүүдө. Күзүндө Бишкекке кайра келет. Айылдарда эл талаада мал менен болуп, аралык сакталып жатат, борбордогудай эмес. Жер-жемиштерин сатып, балдарын кийинткени борборго келишет. Сагынган тойлорду өткөрүп башташат. Июль айында болжолдуу түрдө үч миңдей адам каза болсо, ошонун баарынын кыркылыгын өткөрүп башташат. Өлгөндө келе албагандар кыркылыкка чогулат. Бул августтун аягында, сентябрдын башында болот. Элдин топтолгону кайра башталып, кайра эпидемия курчуйт. Октябрда кайра эле күзүндө болчу сасык тумоо күч алат. Эки вирус кошулганда оор болот. Сасык тумообу, коронавируспу, айырмасы билинбей, адамдар кыйналат. Коронавирус болгонго ишенгилери келбей, дарыгерлерге дарттары күчөгөндө кеч кайрылышат.
— Көпчүлүк туура жооп ала албай жүрүшөт. Сиздин пикириңизде, ковид менен бир жолу ооруган адам экинчи ирет да оорушу мүмкүнбү?
— Бул ачык суроо. Дүйнө жүзү боюнча баары жазып жатышат, жарымы “жугат” дейт, жарымы “жукпайт” дейт. Бирок, толук изилденбей, белгисиз бойдон калууда. Эгерде жуга турган болсо, биринчи жуктурганда эле талкаланган организм экинчи жолкусун жуктурса оор болот. Ошондуктан өтө сактануу керек. Ушул жагы менен да вирус өтө коркунучтуу. Белгисиз жагдайлар көп чыгууда.