Пятница, 17 мая

«Манас» университети эң мыкты абитуриенттерди өзүнө тартууда

0

Жалгыз эле Кыргызстанда эмес, бүткүл Орто Азияда таанымал Кыргыз-Түрк «Манас» университети алдыдагы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда. Орто Азиянын сапаттуу билим берген алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарына кирген бул университет, толугу менен бекер окутат жана жакшы окуу үчүн бардык шарттарды сунат. Тамак-аш, жатакана менен камсыз кылып, спорт жана маданий иш-аракеттер үчүн инфраструктуралык негизге ээ.

Түрк өкмөтүнүн көмөгү менен иш алып барган «Манас» университетинде гуманитардык факультет, табигый илимдер факультети, искусство факультети, экономика жана башкаруу факультети, коммуникация факультети, инженердик факультет, ветеринардык факультет, айыл-чарба факультети, физкультура жана спорт жогорку мектеби, консерватория, туризм жана мейманкана иши жогорку мектеби, чет тилдер жогорку мектеби жана теология факультети бар.

Азыркы учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 6 миңден ашык студент билим алууда. Бул окуу жай 13 өлкөдөн 22 улуттун өкүлү болгон жаштардын башын бириктирген билим уясына айланууда.

30 сентябрь 1995-жылы ишмердүүлүгүн баштаган бул жогорку окуу жайга Түркия мамлекети 398 миллион доллар инвестиция жасаган. Натыйжада Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргызстандагы эң мыкты үч университеттин катарына кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз