Суббота, 11 мая

Казакстанда Абай Кунанбаевдин 175-жылдыгы белгиленүүдө

0

Бүгүн казак эли өзүнүн белгилүү акыны, учурдагы казак адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Абай Кунанбаевдин 175-жылдык мааракесин белгилөөдө. Бирок COVİD-19 вирусуна байланышкан эпидемилогиялык абалдын айынан бул күн онлайн сүрөт көргөзмөлөрү, концерт, семинар жана башка маданий иш-чаралар менен чектелүүдө. Буга кошумча интернет жана социалдык медиа колдонуучулары «Abai world challenge» делген чакырык менен Абай Кунанбаевдин ырларын ар түрдүү тилде окуп жатышат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Абай — руханий реформатор» деп аталган кайрылуусунда, акын жана философ Абай Кунанбаевдин ырлары жаштарды тарбиялоодо өтө чоң мааниге ээ экени айтылды. Президент Токаевдин айтуусу боюнча Абай Кунанбаевдин эмгектеринин жыйнагы дүйнөнүн 9 тилине которулуп бүтүп, басууга даярдалууда.

Өткөн жумада казак бийлиги, 10-августту «Абай Кунанбаевдин күнү» деп бекитип, расмий майрамдардын катарына кошкон.

Ал эми ТҮРКСКОЙ болсо, 2020-жылды «Абай Кунанбаевдин жылы» деп жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз