Воскресенье, 19 мая

Ош шаарындагы посттор алынып салынды, бирок…

0

8-августтан тарта Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы таратты. Постторду алып салуу чечими Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын жыйынында кабыл алынган.

Ош шаарына кирүүчү жолдорго жалпы 7 санитардык-карантиндик посттор орнотулган болчу (“Жапалак ДЭУ”, “Тээке-аскер полигону”, “8-март”, “ТЭЦ”, “Беш-Көпүрө”, “Кырарык-Арка”, “Амир-Темур”).

«Бирок ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ооруга чалдыгуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо зарылдыгын эсиңиздерге салабыз», — деп баса белгилешти мэриянын басма сөз кызматынан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз