Понедельник, 6 мая

АКШда Ак Үйдүн жанында атылган ок Трампты коркутту

0

АКШ президенти Дональд Трамп басма сөз жыйынын өткөрүп жаткан учурда Коопсуздук кызматы эч нерсе айтпастан аны трибунадан алып кеткен. Журналисттерге да залдан чыгууга уруксат берилген эмес. Кийинчерээк жыйынга кайтып келген АКШ президенти, Ак Үйдүн жанында белгисиз бирөө ок чыгарганын, ага карата Коопсуздук кызматы чара көргөнүн айтып өзүнүн жансакчыларына ыраазычылыгын билдирди.

Ок жеген кишинин акыбалы жана аты-жөнү дагы деле белгисиз бойдон калууда. Коопсуздук кызматы тараткан маалыматка ылайык ок чыгарган адам Коопсуздук кызматы тарабынан атылган октон жабыркаган.

Бул окуя боюнча өз оюн билдирген Дональд Трамп, «дүйнө жүзү көптөгөн жыл бою кооптуу жайга айланды эле, мындар ары да белгилүү бир мөөнөткө ушундай болот деп ойлойм»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз