Понедельник, 25 ноября

Көрсөткүчтөргө көз чаптырыңыз. Ички дүң өндүрүм азайууда

0

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-июль айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1 пайызга төмөндөдү. Быйылкы жети айда алдын ала маалымат боюнча, ИДӨнүн көлөмү 282 миллиард сомду түздү.

«Кумтөрдө» эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-июлуна карата ИДӨнүн көлөмү 244 млрд сомду түзгөн, башкача айтканда 7,7 пайызга азайган.

2020-жылдын январь-июлуна карата өнөр-жай продукциясы 180 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына караганда 0,9 пайызга артка кеткен.

Негизинен күйүүчү май өндүрүү 59 пайызга, кездеме жана кийим-кече, бут кийим, булгаары жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү 20 пайызга, жыгач жана кагаз өндүрүү, полиграфия ишмердиги 18,5 пайызга, резина жана желим буюмдарын жана темир эмес буюмдардын өндүрүмү 16,5 пайызга, тамак-аш өндүрүү (ичимдикти эске алганда) жана тамеки кездемелери 5,3 пайызга, ошондой эле баалуу металлдарды казуу 4,2 пайызга азайган.

Курулуш тармагында да төмөндөө байкалууда. Анын көлөмү 8,9 пайызга азайды. Дүң жана чекене соода тармагы 17,6 пайызга төмөндөсө да, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалып анын өндүрүмү 1,8 пайызга өстү.

Талас облусунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы байкалды (5,4 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу, баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (11,9 пайызга) көбөйгөнү менен шартталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз