Четверг, 2 мая

Өлкө башчысы түштүктөгү аймактарды кыдырат

0

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантаарын маалымдады.

Өлкө башчысы 12-13-август күндөрүндө жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына бармакчы.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги менен таанышат. Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз