Суббота, 11 мая

Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы жетекчилери кармалды

0

Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы жетекчилери Исломиддини Файзали жана Джалолиддин Махмудов Тажикистандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына чакырылып камака алынганы айтылууда. Тажикистанда тыйуу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын аты аталган жетекчилери мурда партиянын саясий кеңешине мүчө болушкан.

Бийлик өкүлдөрү Сайфиддин Джалолиддинзода тууралуу мааылмат бербегени менен, анын уулу Сайфиддин Джалолиддинзода атасынын Тажикистандын УКМКсында камалып жатканын айтууда.

3 августта Тажикистандын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Шоди Хафиззода, Ислам кайра жаралуу партиясынын 3 мүчөсүнүн кармалганын айткан.

29 сентябрь 2015-жылы Тажикистандын Жогорку Соту Ислам кайра жаралуу партиясын экстремисттик жана террористтик деп таап, ишмердүүлүгүнө тыйуу салган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз