Воскресенье, 28 апреля

Израиль армиясы Газа тилкесине сокку урду

0

Израилдин Аскерий аба күчтөрү Газа тилкесиндеги айрым аймактарга сокку урду. Израилдин Коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) расмий Твиттер баракчасындагы маалыматка ылайык, соккунун натыйжасында палестиналык «ХАМАС» кыймылына караштуу делген тоннелдер, аскерий комплекс жана көзөмөл пунктары жок ылынган.

Израилдин Коргонуу армиясы, бул соккулар палестиналык анклавтан Израилди көздөй атылган дүрмөттөргө жооп иретинде урулганын маалымдады. Күбөлөрдүн айтымында Израилге таандык учактар Газа тилкесиндеги беш районго бомба таштаган.

Азырынчы Израилдин соккуларынан жабыркаган кишилер тууралуу маалымат жетишсиз бойдон калууда. Израиль курчоого алган Газа тилкеси баймабай соккуга дуушар болууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз