Суббота, 11 мая

Азербайжан Орусиянын Арменияга курал-жарак берүүсүнө нааразы

0

Азербайжан президенти Илхам Алиев кеңсеси, өлкө башчысынын Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалганын маалымдады. 13-августта жасалган билдирүүдө Алиев, чек арадагы кагылышуудан кийин Орусиянын Арменияга аскердик жардам берип жатканынан кабатыр экенин орус президентке билдирген.

Азербайжан жетекчилиги, Орусия “Казакстандын, Түркмөнстандын жана Ирандын аба мейкиндиктери аркылуу Арменияга “400 тоннадан ашуун” аскердик жүк жөнөткөн деп тынчсызданууда.

Кремль да Путин менен Алиевдин телефон сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү таратып, бирок аскердик жабдуу тууралуу маалымат берген жок.

Июлдун ортосунда Азербайжан менен Армениянын чек ара аймагында куралдуу жаңжал тутанып, армян тараптан кеминде 5, азери тараптан 12 аскер окко учкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз