Воскресенье, 28 апреля

«Бириктин» Оштогу мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» менен биригүүгө каршы

0

«Бириктин» Оштогу мүчөлөрү партиянын «Мекеним Кыргызстан» менен биригишине каршы чыгышты. Бул тууралуу партиянын Оштогу координатору Дастан Мурзалиев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Партиянын Оштогу өкүлдөрү «Бириктин» лидерлери Оштогу мүчөлөрү менен кеңешпестен «Мекеним Кыргызстан» менен бирге парламенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алышканын айтып чыгышты.

«Биз Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанганда «Бирик» саясий партиясы менен бирге макулдашып талапкерлигибизди койгонбуз. Бүгүнкү күнгө чейин партиянын Оштогу координатору катары мага сунуш, кеңеш келген жок. «Бирик» саясий партиясы башка партия менен бириккенин укканда таң калдык. «Эмнеге биздин пикирибизди угушкан жок?» деген ой келди. Кеңешсе болмок. Биздин позициябыз — Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу. Оштогу командабыз менен ушундай чечимге келдик»,- деди Мурзалиев.

Бүгүн «Бирик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидерлери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, «Бирик» партиясынын 15 миңдей мүчөсү бар. Мындан ары «Бирик»  «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен бирге шайлоого барат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз