Суббота, 18 мая

Минск: митингдин катышуучусун ким өлтүрдү? (Видео)

0

Беларуста болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынытыгына нааразы болгон эл миңдеп митингге чыгып жатышат. Ошондой митингдердин биринде Александр Тарайковский аттуу жаран курман болду. Аны менен коштошуу үчүн келген миңдеген жарандар Беларусту президенти Александр Лукашенконун бул кылмыш үчүн жооп беришин талап кылышты.

Бирок Беларустун Ички иштер министрлиги, Александр Тарайковскийдин атайын кызматтын жоокерлерине ыргытууну пландаган колундагы жардыргычтын айынан өлкөнүн, жардыргычтын Александр Тарайковскийдин колунда жарылганын маалымдады.

Анткен менен Александр Тарайковскийдин жесири Елена Герман болсо, моргдо күйөөсүнүн денесин көргөнүн, анын колунда жарылуунун изи жок экенин, видеодо ага карата ок чыгарылганын көрүүгө мүмкүн экенин айтууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз