Түркия Президентинин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркия Азербайжанды бардык платформаларда колдоорун айтты. Калын, Түркия жана Азербайжан жакшы күндөрдө да, жаман күндөрдө ар дайым бири-биринин жанында экендигин баса белгилеп, «Азербайжан, акыркы 30 жылдын ичинде оор мезгилдерди башынан өткөрдү. Хожалы кыргыны болду, армяндардын кол салуусуна кабылды, аймагы басылып алынды. Ушундай оор мезгилдерде Түркия ар дайым Азербайжанды колдоду. Биз Азербайжан элинин бул кыйынчылыктарды өз күчү менен жеңе тургандай эрки бар экенин билебиз. Түркия, бүгүнкү күнгө дейре болгондой эле мындан кийин да Азербайжанды колдоосун улантат. Ар кандай душмандарга каршы биримдигибиз, ар кандай досторубузга карата биргелешкен кадамдарыбыз улана берет», — деди.
Ибрахим Калын, Армениянын агрессивдүү кадамдарына каршы Азербайжандын чара көрүүсү анын эң табигый, эл аралык эрежеден келип чыккан укугу болуп саналаарын, Тоолуу Карабах маселесин чечүү үчүн түзүлгөн жана теңтөрагалары Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Россия жана Франция болгон ЕККУнун Минск тобунун күтүлгөн натыйжаны бербегенин жана Карабахтын армян баскынчылыгынан бошотулушуна өбөлгө болбогонун айтты.